02.07.2018 15:01

Жогорку Кеӊеш төрагасы Дастанбек Жумабеков борбордогу жаңы курулган мечитти көрүп чыкты

Жогорку Кеӊеш төрагасы Дастанбек Жумабеков  борбордогу жаңы курулган мечитти көрүп чыкты

Жогорку Кеӊеш төрагасы Дастанбек Жумабеков ордо калаада жаӊы курулган мечитте болуп, анын имараты менен жеринде таанышты. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаӊы курулган мечит өлкө аймагындагы эӊ ири мечит болуп калышы ажеп эмес. Мечиттин долбоору боюнча Кыргызстан менен Түркиянын муфтияттары биргелешип иш алпарып, түрк тарап анын курулушуна 25 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүп берген. Мечиттин бийиктиги 40 метрге, ал эми анын мунараларынын бийиктиги 70 метрге чейин жетет.

Анын имараттары толугу менен Түркиядан алынып келген мрамор таш менен капталган. Курулушка жергиликтүү материалдар да колдонулган.  Имараттын ички бөлүктөрү түрк чеберлери тарабынан кооздолгон. Андан тышкары, мында «жылуу пол» менен видеобайкоо жабдуулары, лифттер орнотулду. Ошондой эле, зыяратка келгендер автомашиналарын өзүнчө жайларга токтото алышат.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай ири курулуш көп сандагы момун мусулмандардын зыярат кылуусуна мүмкүнчүлүк берип, ордо калаанын архитектуралык түзүлүшүнө көрк кошо турганын белгиледи.