01.10.2018 16:38

Жогорку Сот Албек Ибраимов боюнча райсоттун өкүмүн күчүндө калтырды

Жогорку Сот Албек Ибраимов боюнча райсоттун өкүмүн күчүндө калтырды

Жогорку Сот бүгүн, 1-октябрда  Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта кармоо боюнча Биринчи май райсотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

Буга чейин, 27-августта Биринчи май райондук соту Ибраимовду камакта кармоо мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан. Бишкек шаардык сот 17-сентябрда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы жактоочу Жогорку Сотко кайрылган.

Эскерте кетсек, Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов 19-июлда УКМК тарабынан камакка алынган. Мурунку калаа башчысы «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов  «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.