21.11.2018 17:53

Жогорку Сот Илмиянов боюнча чечимди күчүндө калтырды

Жогорку Сот Илмиянов боюнча чечимди күчүндө калтырды

Жогорку Сот бүгүн, 21-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын карады. Бул туурасында April.kg порталына мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. 

Соттук отурумга кабарчылар киргизилген жок. Жогорку Сот Илмияновду 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту Икрамжан Илмияновду 28-ноябрга чейин камакта кармоо чечимин чыгарган. Айыпталуучунун жактоочулары бул чечимге макул болбой, Бишкек шаардык сотуна арызданышкан. Экинчи инстанция дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.