11.03.2019 12:25

Жол эрежелерди бузган айдоочуларга айып каттар жөнөтүлө баштады

Жол эрежелерди бузган айдоочуларга айып каттар жөнөтүлө баштады

Жол эрежелерин бузуу жөнүндө алгачкы айып каттар айдоочулардын колуна тийе баштады. Алты жылдан бери ирдене албай, быйыл араң баш көтөргөн "Коопсуз шаар" айып пулдарды чогултууга өттү. Эми, унаа ээлери айып кагаздары менен таанышкан соң, бир айдын ичинде каражатты төлөш керек. ИИМ өкүлдөрүн 15 күнгө жеткирбей сүйүнтсөңүз, анда 50%га чейинки жеңилдиктер каралган.