30.11.2018 16:23

Жол кайгуул кызматы жана Антимонополия агенттиги эвакуаторлор бизнесиндеги коррупциялык иштерге катышкан

Жол кайгуул кызматы жана Антимонополия агенттиги эвакуаторлор бизнесиндеги коррупциялык иштерге катышкан

Жол кайгуул кызматкерлери кайрадан коррупцияга шектелишүүдө. Анын үстүнө одоно мыйзам бузууларда Антимонополия кызматынын дагы аты аталууда. Көрсө, жол четинде токтоп тургандыгы үчүн жүктөлүп кеткен ар бир унаадан, ИИМ кызматкерлери баш болуп пайда көрүп жүрүшүптүр. Өлкө казынасына келген чыгым миллиондогон акчалар экени айтылып жатат.