05.09.2018 10:26

Жол кырсыгынан катуу жабыркаган аял бир сутка кароосуз калган

Жол кырсыгынан катуу жабыркаган аял бир сутка кароосуз калган

Жол кырсыгына кабылып, катуу жаракат алган аялды Ош облустук ооруканасы бир сутка кароосуз калтырган. Бул тууралуу аялдын туугандары Инстаграмдагы molodye_mamochki_kg коомчулугуна билдиришти.

Маалыматка караганда, аял 2-сентябрь күнү Ош шаарындагы көпүрөдөн кулаган маршруттук таксинин ичинде болгон. 

«Бул жол кырсыгынан менин таежем (апамдын бир тууганы) катуу жабыркады. Анын омурткасы төрт жеринен, эки колу ар кайсы жеринен сынган. Ошондой эле, жамбаш сөөгү да сынып, башынын баары кан, баш сөөгү жабыркаган го деп ойлоп жатабыз. Таежемди Ош облусттук ооруканага алып келишсе, бир сутка каралбай, коридордо жатыптыр. Оорусун басаңдатып коюучу дары да сайып коюшпаптыр», -деп жазат интернет колдонуучу. 

Ал ошондой эле, туугандары аялды Бишкек шаарына алып келүүгө ниеттенип жатышканын билдирди. 

@aisuluuamirbekkyzy Здравствуйте,Асема!можно срочно опубликовать пожта!в Оше 2 сентября с моста маршрутка слетела с пассажирами.и среди них была моя сестра.она самая из тяжелейших .у нее в 4 местах сломана позвоночник,обе руки с разных мест,и таз сломанный,голова в крови,видимо черепно мозговая травма.так вот ее привезли в ошскую областную и положили в коридор сутки пролежала в коридоре без обезболиваещего не говоря о присмотре вообще.вы только представьте.я в шоке мы сегодня только услышали т.к.мы находимся в России.она моя тетя т.е.родная сестра моей мамы.вот в оше нормальных врачей и не будет наверное.мы думаем привести ее в Бишкек и к доктору Жумабекову.я знаю он очень востребованный и расписаны у него все по часам.я хотела спросить здесь у неравнодушных людей помочь нам в этом горе.подскажите если так срочно он принимает на операцию.кто ибудь сталкивался с такой проблемой.подскажите пожта.прошу вас.у нее есть дочь и сын дочь в Москве и сыну 16 лет .муж умер много лет назад.сама ростила детей. #ммкг_важно

A post shared by Первый Женский Клуб KG ? (@molodye_mamochki_kg) on