12.11.2019 18:18

Жолдубаева: Айеркендин өлүмүн Атамбаевге байланыштыруу аракеттери байкалууда

Жолдубаева: Айеркендин өлүмүн Атамбаевге байланыштыруу аракеттери байкалууда

Жалданма адамдардын Айеркендин өлүмүн экс-президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштыруу аракеттери одоно көрүнүп калды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жазды .

Анын айтымында, эми кыңыр иштин баарын Атамбаевге иле алышпайт. Коомчулук ансыз да эмне болуп жатканын түшүнүп турат.

«Клан аралык араздашуулар эмнеге алып келет? Кандай болгон күндө да, Кыргызстандын кадыр-баркына сөз тийди. Артка кетенчиктеп баратканыбыз даана көрүнүп турат, бул абдан кайгылуу. Тазалоо эми Райым-миллиондун өзүнө да жетиши мүмкүн. Бул туурасында экс-президент июнь айында «Форумдун» алдындагы митингде эле эскерткен», - деди Жолдубаева.

Ал ошондой эле, Алмазбек Атамбаевдин сөзүнөн цитата келтирди: «Азыр Райымды мага каршы түртүп жатышат, кийин аны өлтүрүп коюштары мүмкүн, анткени ал алар тууралуу көптү билет. Булар мусулман болуп көрүнгөн менен шайтанга кызмат өтөшөт».