16.01.2019 11:23

Жолдун ортосуна унаасын токтотуп, уктап калган айдоочуга ЖКККББ эч кандай чара көрө албайт

Жолдун ортосуна унаасын токтотуп, уктап калган айдоочуга ЖКККББ эч кандай чара көрө албайт

Жолдун ортосуна унаасын токтотуп, уктап калган айдоочуга ЖКККББ эч кандай чара көрө албайт. Анткени, жаңы мыйзам боюнча, бул үчүн күбөнүн арызы талап кылынат. Бул туурасында April.kg порталына окурмандан келген тасмага карата жооп берип жатып, Чүй облустук ЖКККБ маалымат кызматынан билдиришти.

«Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасы иштеп баштагандан бери, мыйзам боюнча арыз түшмөйүнчө чара көрө албайбыз. Күбө арыз жазып, тергөөчүгө кайрылышы керек. Тергөөчү арызды кабыл алып, аны «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде» каттайт, андан соң гана ЖКККББ кызматкерлерине унааны таап келүү тапшырылат. Бул иш менен биз түздөн-түз алектене албайбыз, унаа менен анын ээсин таап келген күндө да, айдоочу биздин кызматкерлердин үстүнөн мыйзамсыз кармап келишти деп арызданганга укуктуу»,- дешти мекемеден.