24.04.2018 10:55

Жордж Буш (улуусу) ооруканага жаткырылды

Жордж Буш (улуусу)  ооруканага жаткырылды

 АКШнын 41-президенти  Жордж Буш оорукананын  реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу  CNN билдирет.

Ооруканага жаткыруунун себеби, сепсис оорусу (канда оору пайда ькылуучу микробдор пайда болуп, организмге тарашы). Үй-бүлө мүчөлөрү дарылоо таасирин берип жатканын айтып, жаңылык болоор замат кабарлоону убадалашты.

Жордж Буштун ден соолугу жубайы Барбара Буштун өлүмүнөн кийин начарлап кетти.  Ал 17-апрелде 92 жаш курагында көз жумган.

Жордж Герберт Уокер Буш АКШнын 41-президенти. Ал мамлекетти 1989-1993 жылдары башкарып турган. Учурда 93 жашта.