10.12.2018 15:49

Жумгал районунда мушташтан улам 8-класстын окуучусу каза тапты

Жумгал районунда мушташтан улам 8-класстын окуучусу каза тапты

Нарын облусунун Жумгал районунда мушташтан улам окуучу бала каза тапты. Бул туурасында райондук ИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-декабрда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы «Ынтымак» спорт ордосунда волейбол боюнча мелдеш өткөн. Мелдештен кийин эки айылдын окуучуларынын ортосунда уруш чыгып, ал мушташка жеткен. Анын кесепетинен Беш-Терек айылындагы мектептин 8-классынын окуучусу каза тапкан.

Учурда Жумгал райондук ички иштер башкармалыгында окуяга катыштыгы бар делген окуучу балдар,  мугалимдер жана ата-энелер сурак берип жатышат.