13.05.2019 13:46

Жумуш издеп жатасызбы? Патрулдук милицияга кызматкерлер керек

Жумуш издеп жатасызбы? Патрулдук милицияга кызматкерлер керек

Патрулдук милицияга кызматкерлерди алууга ачык сынак жарыяланды. Документтерди кабыл алуу бир айга созулат. Андан соң жарандардын укуктары, ок атуу, жол эрежелери боюнча окуудан өтүп, коррупцияга каршы чаралар жагынан катуу талаптар коюлат. Патрулдук милиция пилоттук долбоору 2020-жылга чейин Бишкек шаарында ишке ашырылып андан ары өлкөгө жайылтылмакчы.

Жаңы кызматтын сынагына катардагы адамдар катыша алабы? Аларга кандай талаптар коюлат жана айлыгы канча болот? Видеодон көрүңүздөр.