24.08.2018 18:07

Жумуштан айдалган маалымат катчы Мамэкотехинспекциядагы коррупцияга шектүүлөрдүн атын атады

Жумуштан айдалган маалымат катчы Мамэкотехинспекциядагы коррупцияга шектүүлөрдүн атын атады

Мамлекеттик экотехинспекциянын мурунку маалымат катчысы Анара Мамбеталиева инспекциядагы өзү коррупцияга тиешеси бар деп шектеген адамдардын атын атады. Анын КР Президенти Сооронбай Жээнбековго жасаган кайрылуусу Фейсбуктагы жеке баракчасында жарыяланды.

Анда Анара Мамбеталиева өзүн беренеге такап, кызматтан мыйзамсыз кетиришкенин айтат. «Мен буга чейин Мамэкотехинспекциядагы коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө жетекчиликке бир нече жолу эскерткем. Ал адамдардын ишин текшерүү үчүн Комиссия да түзүлгөн. Бирок, 15-августта мени мыйзамсыз түрдө берене менен кызматтан алышты. Мен сиз айтып чыккан Жарлыкка арка-бел болуп, өзүмдүн кызматымда так иштеп, коррупцияга катыштыгы бар адамдардын бетин ачууга даярмын», - дейт Мамбеталиева.

Ал ошондой эле, инспекциянын ичиндеги коррупцияга бөгөт коюу үчүн 3 адамдын атын атап кетүүгө бел байлаганын айтат. «Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Асылбеков Таалай, кадр бөлүмүн жетектеген Керимкулов Самат, финансы каражат башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашева. Дал ушул адамдар мамлекетке таандык кызматты, мамлекетке таандык акчаны туура эмес нукка пайдалынып жатканын инспекцияда менден башкалар да билет. Булардын ишмердүүлүгүн толугу менен текшерип, мени кайра ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан  кызматыма кайтарып берүүңүздү өтүнөм. Урматтуу Президент, мен сизден акыйкаттык издейм”, -деп билдирет аталган инспекциянын мурунку маалымат катчысы.

Анара Мамбеталиева мекемедеги коррупция тууралуу айтып чыккандан бери өмүрүнө коркунуч туулуп атканын айтып, Президенттен жардам сурады.