26.09.2019 10:17

Журналист Адилет Айтикеев АКШда грин-карта утуп алды

Журналист Адилет Айтикеев АКШда грин-карта утуп алды

Журналист Адилет Айтикеев АКШда грин-карта утуп алды. Бул тууралуу анын өзүнө таянып,  24.kg агенттиги жазды.

Адилет Айтикеевдин айтымында, ал АКШда качкын макамын алган эмес.

«Мен качкын макамын алуу үчүн үч жылдан бери кезекте турганмын. Ошол эле учурда грин-карта алуу үчүн да кагаздарды тапшырганмын. Жакында грин-карта утуп алдым. Эми качкын макамын албайм. Ал иш жабылат. Анүстүнө Кыргызстанда дагы кырдаал өзгөрүп калбады. Мен Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда куугунтукка алынган болчумун», — дейт Адилет Айтикеев.

Журналист 2016-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. Быйыл август айында, Кой-Таштагы окуядан кийин анын иниси, «Апрель» телеканалынын журналисти Мирбек Айтикеев дагы АКШга кеткени айтылууда.

«Мирбек кайда жүргөнүн билбейм. Маалыматым жок, жанымда эмес», — дейт Адилет Айтикеев.