04.11.2019 17:00

Журналист Чынара Токонова 37 жашында дүйнөдөн кайтты

Журналист Чынара Токонова 37 жашында дүйнөдөн кайтты

Журналист Чынара Токонова бүгүн, 4-ноябрда 37 жаш курагында Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Бул тууралуу  маркумдун жакындары билдирди.

Чынара Токонова кечээ, 3-ноябрда экинчи жолу инсульт алып, ооруканага жаткырылган. Ал эми дарыгерлер журналист операцияны көтөрө албай турганын айтышкан.

Чынара Токонова КТРК, НТС, Бешинчи каналда, ошондой эле «Санжыра» радиосунда, Булан институтунда иштегени маалым.

Журналист 2018-жылдын 3-майында биринчи ирет инсульт алган. Анда дарыгерлер «геморрагиялык инсульт» деген диагноз коюшкан. Бир топ убакыт дарыланып жүргөн. Кийин сүйгөн кесибине кайтып, 5-каналда «5-элемент» автордук программасын даярдап жүргөн.

April.kg порталы Чынара Токонованын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.