24.07.2018 16:16

Журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү кокустукпу?

Журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү кокустукпу?

Резонанс жараткан материалдарды даярдап, эч кимден тайманбаган журналист Уланбек Эгизбаев бүгүн туулуп-өскөн Нарын облусундагы Кочкор районунун Көк-Жар айылында жерге берилди. Анын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өтүп, алдын-ала жыйынтыктар чыкты –аштапкы жыйынтык боюнча Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себеби чөгүп өлүү деп табылды. Ички иштер министрлигин маалыматы боюнча, журналист киши колдуу болгон эмес.

Чуулгандуу иштерди иликтеп эл оозуна алынган Эгизбаев 22 июль Акун пансионатында жубайы менен эс алып жүрүп, көлгө чөгүп кеткен. Анын өлүмү боюнча окуя көзөмөлгө алынганын жана тергөө тобу иштеп жатканын ички иштер министрлиги билдирет. Уланбек Эгизбаев быйыл 28 жашка чыккан. Өткөн жылы үйлөнүп, жубайы экөө перзент кутүп жатышкан болчу.

Акыркы убактарда анын дарегине коркутуулар түшүп жатканын эске алып, көптөр анын өлүмүн кокустук эмес деп эсептешүүдө. Эмнеге? - деген суроолор көп.