05.10.2018 15:10

Жүгөрү талаасын аралап кетип кутулган автоматчан кылмышкер Караколдон тутулду

Жүгөрү талаасын аралап кетип кутулган автоматчан кылмышкер Караколдон тутулду

Мындан 15 күн мурун милициядан «жүгөрү талаасын аралап кетип» кутулган кылмышкер Ысык-Көлдөн колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Таласта туулуп-өскөн 32 жаштагы Жылдызбек Бекмурзаев буга чейин бир нече жолу соттолуп, оор кылмыштарга айыпталып издөөдө жүргөн. Аны кармоого багытталган атайын операция дээрлик бир айга созулган.   

Буга чейинки кылмыштары үчүн кыргыз ИИМи тарабынан издөө жарыяланган Бекмурзаев 2017-жылдын июнунда Казакстандын Костанай шаарында кармалган. Ал жакта мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн 6 айга кесилген. Бирок, августта казак абагынан качып кетип, казак күч органдары ага издөө салган. 

Кийин, Бекмурзаев мекенине келип, жаңы топ түзүп, өлкөнүн ар кайсы аймактарында оор кылмыштарды жасап жүргөнү  белгилүү болгон. 

Алсак, 2018-жылдын июлунда ал топтогон кылмыштуу топтун мүчөлөрү Жалал-Абаддагы «Лига-Трейд» ЖЧКсынын кеңсесинен 290 миң сомдон ашык акча каражатын уурдап кетишкен. Ушул эле шаардан «Партнер-Нефть» ишканасына ууруга кирип, акча жана 450 тонна бензиндин талондорун көтөрө кетишкен.   

31-июлда Ош шаарынан «Даннур-Юг» ишканасына кирип, 60 миң доллар,  2 млн. сом жана башка буюмдарды алып чыгып кетишкен. Материалдык чыгым 7 млн. сомду түзгөн. 

Ошондой эле, алардын 2018-жылдын июнунда Аламүдүн районунун Ленинское айылындагы акча алмаштыруучу жайдын тонолушуна жана такси кызматынын жумушчусунун өлүмүнө катышы бар экени тастыкталган.

Сентябрь айында аны Ош шаарынын четинен кармоо аракети жүрүп, бирок качырып жиберишкен. Анда Жылдызбек Бекмурзаев унаасын талаага таштап, өзү жүгөрү аралап качып кеткен. 

Кечээ, 5-октябрда Ж.Бекмурзаев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кармалды. Колго түшүрүү учурунда жанынан 20 куту гашиш табылды. Учурда  анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу аныкталып жатат.