Жүргүнчү аялга кол көтөргөн айдоочу жумуштан четтетилди

Жүргүнчү аялга кол көтөргөн айдоочу жумуштан четтетилди

Баш калаада жүргүнчү аялга кол көтөргөн маршрутка айдоочусу жумуштан четтетилди. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда №243- маршруттук каттамдын айдоочусу жүргүнчү аял менен чатакташып жаткан тасмасы тараган. Окуя  31-май күнү түнкү саат 23:00 чамасында шаардын батыш автобекети жакта болгон.

Тасмада  аялдын коомдук транспорттон түшүп, эшикти жапканын көрүүгө болот. Артынан айдоочу чуркап чыгып, аялды жулкулдатып баштайт. Аял жерге жатып калганда, айдоочу артка кайтат. Бирок, ордунан тура калган аял анын артынан барып, кайра урушуп жатышканын көрүүгө болот.

Бул факт боюнча милиция иликтөө жүргүзүп, иштин чоо-жайы аныкталганча айдоочу иштен четтетилди.