08.04.2019 18:43

Жүргүнчүлөрдү оюнчук тапанча менен коркутуп тоноп кеткен шылуундар кармалды

Жүргүнчүлөрдү оюнчук тапанча менен коркутуп тоноп кеткен шылуундар кармалды

Бишкек шаарынан келе жаткан жүргүнчүлөрдү тапанча менен коркутуп, акча алган 3 жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-апрель түнү 03:30 чамасында Бишкек шаарынан Ош тарапты көздөй келе жаткан унааны жолдон  «Субару Легаси» унаасындагы 3 жигит токтоткон. Мамлекеттик номуру жок унаадан түшкөн үчөө айдоочуну, жүргүнчүлөрдү тапанча менен коркутуп, алардан акча талап кылышып, 2 миң сом алган соң качып кетишкен. Бул окуя боюнча Баткен облусунун Кадамжай районунун М.Ж. аттуу тургуну Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кайрылган.

«Бул билдирүү боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада кылмыштын изи сууй электе ачылып, тоноого шектүү жарандар аныкталган. Алар — Кара-Көл шаарынын 17-22 жаштагы тургундары экени аныкталган.

Шектүүлөр башкарып жүргөн унаадан 3 даана уюлдук телефон, бир даана кара түстөгү темир оюнчук тапанча, 2 даана бычак далил буюм катары алынды», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, шектүүлөрдүн бири 9-классты бүткөн бойдон окуусун улантпагандыгына байланыштуу мектеп жашындагы өспүрүм экени эске алынып, үй камагына калтырылган. Ал эми калган экөөсү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул багытта тийиштүү иштер жүрүп жатат.

(сүрөттөр Turmush сайтынан алынды)