05.03.2018 17:36

Жөлөк пулду кимдер ала алат? Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жооп берди

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар биринин  кирешеси айына 1 миң 420  сомдон ашпаш керек.  Ушул учурда гана мамлекеттен жөлөк пул ала алат. Бул тууралуу министр Таалайгүл Исакунова парламенттин социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, жаңы мыйзам долбоору боюнча мурдакы мыйзамдагы «Үй-бүлөгө көмөк», үчүнчү баладан тарта жөлөк пул менен камсыздоо калтырылды. Ал эми «Балага жөлөк», үч жашка чейинки балдардын баарына акча төлөө алынып салынды.

Ал эми, жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга берилүүчү 4 миң сом өлчөмүндөгү  сүйүнчү пул дагы калат.

Министрлик жөлөк пулду даректүү төлөө ыкмасын кайра кайтарат. Мында үй-бүлө кирешесин аныктоодо жергиликтүү органдарга милдет жүктөлөт. Жөлөкпулдан үнөмдөлгөн акчаны министрлик майып балдар жана алардын ата-энелерин колдоого жумшамакчы.

Эскерте кетсек, «Мамлекеттик жөлөк пул» боюнча мыйзам 2017-жылы кабыл алынып, 2018-жылдын башында күчүнө кирмек. Өкмөт бул тармактагы коррупцияны жоюу үчүн даректүү төлөөнү алып салып, баарына бирдей жөлөк пул берүүнү сунуштаган. Мыйзам кабыл алынгандан кийин эсептер туура эмес болуп калгандыгы, 30 миңден ашык бала колдоосуз калаары айтылып, аткаруу мөөнөтү апрель айына жылдырылган.

Эми министрлик аны аткарууга көп каражат жумшалаарын айтып, тез арада жаңы долбоорду кабыл алууну суранууда.