10.03.2020 12:23

"Зомбулукка каршы" тынчтык акциясы: Бир автобус толо милиция кызматкерлери даяр турушат (сүрөт)

"Зомбулукка каршы" тынчтык акциясы: Бир автобус толо милиция кызматкерлери даяр турушат (сүрөт)

Бүгүн, 10-мартта Бишкекте 8-март күнү камалган айымдарды колдоо максатында митинг өтүүдө. Акцияны “Зомбулукка каршы” деп аташкан. Ал саат 12:00дө Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелиги алдында башталды.

Бул себептүү орус драм театрынын жанына бир автобус толо милиция кызматкерлерин даяр кармашууда. Аны тастыктай турчу сүрөттү окурмандар “Апрель” телеканалына жөнөтүшкөн.

Учурда салыштырмалуу абал тынч. Ага ондогон кайдыгер эмес жарандар, шаар тургундары жана коноктору чыгышкан.

Эске салсак, мурдараак, “Зомбулукка каршы” митингинин катышуучуларына укук коргоо органдарынан телефон чалышып, “бир нече суроо берүү үчүн” жолугушууга чакырып жатышат деп активист Айбек Бараташвили өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыккан.

Өз кезегинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы дагы бүгүн боло турчу митингде чагымчылдар чыгышы мүмкүн деп эскертүү таратышкан.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар анны узгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.