27.12.2018 12:51

Үч саясатчы Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковду сотко берди

Үч саясатчы  Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковду сотко берди

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент  Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалынын директорун сотко берип, моралдык компенсация катары 18 миллион сом өндүрүп берүүнү кылышууда. Бул туурасында саясатчылардын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жазган доо арызында маалымдалат. 

Доо арызда, «2018-жылдын 10-декабрында экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалынын эфиринен кеткен маегинде Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев жөнүндө такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтарды жарыялаган» деп билдиришкен.  

Мындан улам, алар соттон Алмазбек Атамбаевден үч саясатчынын ар бирине 3 миллион сомдон-  жалпы 9 млн сом, «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдон ар бирине 3 миллиондон жалпысынан 9 млн сом өндүрүп берүүнү суранышкан.

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников April.kg порталына берген маегинде өз чындыгын коргош үчүн, мурунку саясатчылар менен соттошууга даяр экенин билдирди. Телеканал саясатчылар талап кылып жаткан — «бул маалыматтар чындыкка жатпайт» өңдүү билдирүүлөрдү жасабайт. Ложниковдун пикиринде, А.Атамбаевдин сөздөрүндө жалаа, же фактыларды бурмалоо жок. 

«Болбосо, Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаев Атамбаевдин айткандары жалган экенин өздөрү далилдеп берсин», -дейт телеканалдын директору.