04.07.2018 09:00

Үч жыл мурун дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү өз короосунан табылды

Үч жыл мурун дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү өз короосунан табылды

Москва районунун Кыз-Моло айылында 3 жыл мурун дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү табылды. Бул туурасында Чүй облустук ИИББнын  маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сөөк 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Д.Д. аттуу жаранга таандык  экени аныкталган.

«Ушул жылдын 24-майында милиция кызматкерлери ыкчам алынган маалыматтын негизинде Кыз-Моло айылындагы үйлөрдүн бирин текшеришкен. Натыйжада маркумдун денеси өз үйүнүн короосундагы чуңкурдан табылган. Бул кылмыш ишке шектүү катары 29-июнда Д.М. аттуу жаран кармалган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп жазылат маалыматта.