13.03.2019 13:14

Үч жүз миң аз. Саясатчылар экс-президенттен 18 миллион талап кылышууда

Үч жүз миң аз. Саясатчылар  экс-президенттен 18 миллион талап кылышууда

Саясатчылар Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев Октябрь райондук сотунун экс-президент жана «Апрель» каналы боюнча буга чейинки чечимине макул эмес.

Буга чейин 3 саясатчы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин  жана «Апрель» телеканалынын үстүнөн сотко доо арыз жазышкан. 28-февралда бул боюнча соттук отурум өтүп, сот Алмазбек Атамбаевди алардын ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми «Апрель» телеканалы чечим күчүнө киргенден тарта 10 күн ичинде төгүндөө иретинде аталган чечимди жарыялоого милдеттендирилген эле. 

Бирок, бүгүн Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев бул чечимге макул болбой, Бишкек шаардык сотко арыз жазышканы белгилүү болду. Алар жогорку инстанциядан райондук соттун чечимин жарым-жартылай жокко чыгарууну өтүнүшкөн.

«Октябрь райондук сотунун 28-февралдагы Алмазбек Атамбаев ар бир саясатчыга 100 миң сомдон берсин деген чечими жокко чыгарылсын, экс-президент үч саясатчынын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен маалымдоолору чындыкка жатпаганы жөнүндө маалымдап, кечирим сурасын, ар бир саясатчыга 3 миллион сомдон өндүрүлсүн, «Апрель» телеканалы «Массалык маалымат каражаттары тууралуу» мыйзамды одоно бузган деп табылып, ар бир саясатчыга 3 миллиондон төлөп берсин»,- деп жазылат доо арызда.