01.06.2018 08:50

Үчтөн ашык баласы бар үй-бүлөлөр балдарын окутуу үчүн социалдык төлөм алышат

Үчтөн ашык баласы бар үй-бүлөлөр балдарын окутуу үчүн социалдык төлөм алышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн билим алуу жаатында укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, багуусунда мектепке чейинки, мектепте, орто кесип жана жогорку окуу жайларында билим алган 24 жашка жетпеген үч жана андан көп адам болгон салык төлөөчүлөргө багуусундагы адамдарды окутуу үчүн салык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө социалдык төлөөлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Андан тышкары, бул социалдык төлөөнү алуу мүмкүнчүлүгү мамлекеттик органдын лицензиясы бар билим берүү уюмдарына төлөнгөн төлөмдөр менен гана чектелбейт, ал ошондой эле көзөмөлчү кеңештерге төлөнгөн төлөмдөргө дагы жайылтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.