04.04.2018 10:38
Үлпөт тойдо уулангандардын алды ооруканадан чыгарыла баштады
31-марттан бери Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына тамактан ууланган 204 адам кайрылган. 138 адам ооруканага жаткырылган.
Бүгүн саат 9:00го карата алынган маалымат боюнча, 10 адам абалдары канааттандыраарлык деген бүтүм менен үйлөрүнө чыгарылып, ооруканада 128 адам калды.
Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын ооруканаларына медициналык жардам сурап 45 адам кайрылган. Учурда 36 адам ооруканада, 9 адам үйүндө дарыланууда.
Ооруканада жаткандардын абалы туруктуу, тиешелүү дарыларын алып жатышат.
Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл борбору жабыркагандардан үлгү алып, лабораторияга жөнөткөн. Жыйынтыктары бүгүн-эртең белгилүү болоору күтүлөт.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: