Үлпөт тойдон уулангандардын саны 198 адамга жетти

Үлпөт тойдон уулангандардын саны 198 адамга жетти

Бүгүнкү күнгө карата “Ала -Тоо” ресторанында өткөн үлпөт  тойдон уулангандардын саны  198 адамга жетти. Бул тууралуу   April.kg порталына Мамлекеттик санитардык –эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы бөлүмүнүн башчысы  Махамад Мурзашов билдирди.

Анын айтымында, медициналык жардам сурап  кайрылгандардын  арасынан  131 адам ооруканага жаткырылды. Калгандарынын абалы дурус болгондуктан, үйлөрүнөн  дарыланышууда. Уулангандардын  арасында 25 бала бар.

Эскерте кетсек, 31-мартта “Ала-Тоо” ресторанында өткөн тойго келген адамдар эртеси күнү  өздөрүн жаман сезип,  ооруканаларга кайрылып башташкан. Баарынын тамак-ашка ууланганы аныкталган. Кайсы тамак экени азырынча билине элек.   

Тойго келгендер гана эмес, тойдон барган тамактан ооз тийгендер да ууланган.  Учурда  “Ала-Тоо” рестораны убактылуу жабык.  Кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.