07.05.2018 09:52

Үстүнөн 10 арыз түшкөн шылуун камакка алынды. Алдангандардын саны мындан да көп дешет укук коргоочулар

Үстүнөн 10 арыз түшкөн шылуун камакка алынды.  Алдангандардын саны мындан да көп дешет укук коргоочулар

Адамдарды алдап, ири өлчөмдө акча каражатын алып жүргөн шылуун колго түштү. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИБ билдирет. 

Укук коргоо органдарына шаар тургуну кайрылып, андан бирөө март айында Казакстандан арзан баада «LX470» үлгүсүндөгү 3 автоунаа алып берем деп, 44 миң 250 АКШ долларын алып, ошол бойдон жок болгонун билдирген.

Бир факт боюнча Биринчи май райондук ИИБ тарабынан 166-берене  ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда 1989-жылкы Р.Э. аттуу жаран кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, бул жарандын үстүнөн дагы 10 адам арыз жазганы аныкталды. Алар укук коргоо органдарынан  чара көрүүнү суранышкан. 

Учурда шектүүнүн  мындай кылмыштын 30дан ашыгына тиешеси бар экени белгилүү болду.  Анын баш коргоо чарасын чечүү каралууда.

Милиция кимде-ким бул адамдан жапа чеккен болсо, төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт:  0(551)
102-236, 0(555) 600-689, 0(551) 102-808, 0(553) 21-44-21.