16.10.2019 12:10

Үй ээсин жана банкты алдап кеткени үчүн издөөдө жүргөн жаран Россиядан табылды

Үй ээсин жана банкты алдап кеткени үчүн издөөдө жүргөн жаран Россиядан табылды

Үй ээсин жана банкты алдап кеткени үчүн Ош облустук милициясы тарабынан издөөгө алынган кыргыз жараны Москвада жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун 41 жаштагы тургуну К.К. 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугу жок, өзү үй ээсинин колун жасап койгон. Андан соң, кылмыштуу жол менен кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган.

2012-жылы кылмышкер кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Алган акчасын өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген.

Бул факт боюнча «Жасалма документти атайылап пайдалануу менен документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон адам Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. 

Азыркы учурда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мекенине жеткирүү боюнча маселелер чечилди.