16.08.2018 13:54

Үйдөн сарайга, сарайдан чөпкө. Сузак районунда өрттүн жайылып кетүү коркунучуна бөгөөт коюлду

Үйдөн сарайга, сарайдан чөпкө. Сузак районунда өрттүн жайылып кетүү коркунучуна бөгөөт коюлду

Сузак районунда өрттөн турак үй жана сарай күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык кечээ, 15-август күнү саат 15:44 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылында болгон.

Тилсиз жоонун кесепетинен Терешкова көчөсү №16 дарегинде жайгашкан жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 126 чарчы метр чатыры, үч бөлмө ичиндеги үй эмеректери жана үй тиричилик техникасы күйгөн.

Өрт кошуна үйдүн сарайына өтүп (Терешкова көчөсү №20), сарайдын жыгач устундуу шифер жабылган 100 чарчы метр чатыры жана 400 түк чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып,  саат 16:00дө чектөөгө алынып, саат 17:54тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.