12.11.2019 09:41

Үрөй учурган кадрлар! Африкада пилдер жапырт өлүп жатат (видео)

Үрөй учурган кадрлар! Африкада пилдер жапырт өлүп жатат (видео)

Зимбабведе пилдер ачкачылыктан жана кургакчылыктан жапырт өлүп жатат.  Акыркы 3 ай ичинде эле 105 пил жок болгон. 

 Хванге улуттук паркында тартылган тасмаларда чоң жана кичине пилдердин сөөктөрүн көрүүгө болот. Алар арыктап, ал тургай терисинин өңү өзгөрүп кеткени байкалат, деп жазат «Звезда» телеканалы.

Зимбабвенин парк башкармалыгынын жана жапайы табиятты башкаруу башкармалыгынын башчысы Тинаше Фараво мындай каргашанын болушуна кургакчылыктан сырткары алардын батпай баратканы себеп болду деп ишенет. 

«Биз тушуккан көйгөй - жаныбарлардын көбөйүп кетишинен болууда. 1930-жылы түзүлгөн бул парк 15 миңге жакын пилге гана эсептелген, азыр биз 45-50 миң жаныбар жөнүндө сүйлөп жатабыз», — деди Фараво.

Ал парк кызматкерлери  кургакчылыктын кесепетин азайтуу максатында жер казып, суу табуу аракетин көрүп жатышканын билдирди. Зимбабведеги экономикалык абал паркты  толук көлөмдө каржылоого мүмкүндүк бербейт. 

Бул жакта бардыгы 50 миңге жакын пил жашайт. Азыр жаныбарлар суу жана тамак табуу максатында парктан качышууда.