25.12.2019 09:35

Үй-бүлөдөгү зомбулук. Аялына бычак менен кол салган күйөөсү өз жанын кошо кыйган

Чүйдө жубайлардын урушу экөөнүн өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-декабрда Аламүдүн районуна караштуу Горная Маевка айылында болгон.

Милициянын билдиришинче, күйөөсү менен аялы уруша кеткен. 24 жаштагы келин бычак жеп, Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталдан көз жумду. Ага кол салган күйөөсү, 28 жаштагы жергиликтүү тургун да өз жанын кыюуга аракет жасап, өзүнө өзү бычак сайган. Ал да алган жараатынан каза тапты.

Маркумдардын артында бойго жете элек эки бала калды.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук маселеси олуттуу көйгөйгө айланды. 2019-жылдын он айында өлдөкдө 5185 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.