28.02.2020 14:42

Үй-бүлөлүк зомбулук: Күйөөсү аялын тамак үчүн бензин чачып өрттөдү

Үй-бүлөлүк зомбулук: Күйөөсү аялын тамак үчүн бензин чачып өрттөдү

Сокулукта үй-бүлөлүк жаңжалдын айынан 42 жаштагы келин каза тапты. Ал отко күйүп жан берген. Өз колуктусуна бензин чачып, өрттөгөнгө шектелип маркумдун күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

«Алдын ала маалымат боюнча, окуя болгон күнү күйөөсү үйүнө мас болуп келип, аялына тамак жасап берүүсүн айткан. Аялы тамакты электр мешке жасап жаткандыктан күйөөсү тамакты тезирээк бышыруусун айта баштаган. Ачуусу келип, ага желим идиштеги бензинди чачып жиберген. Андан кийин бышып жаткан тамакты газга жасоосун айткан. Газды күйгүзгөндө аялына өрт өтүп, жыйынтыгында ал күйүк алган. Андан кийин ал ооруканага жеткирилип, бир күн өтүп ооруканада каза болгон», — деп билдиришти милициядан.

Маркум Сокулук районунун 42 жаштагы М.О. аттуу тургуну болгон. Күйөөсү М.А. 46 жашта.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.