15.03.2019 14:01

ӨКМ: Бишкекте турак жайда чыккан өрттөн жабыркагандар болгон жок

ӨКМ: Бишкекте турак жайда чыккан өрттөн жабыркагандар болгон жок

Бишкек шаарынын Ленин районунда турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Архангельск көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө саат 12:06  түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, штаб жана саат 12:30да ӨКМдин  Кризистик кырдалдарды башкаруу борборуна  ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары жерине ИИМ, РЭТ кызматкерлери жана «Тазалык» ишканасынан суу ташуучу унаалары тартылган.

«Өрттүн кесепетинен 1 турак жай бөлүгү менен (частично), 2 турак жайдын чатыры, 1 оор жүк ташуучу унаа толугу менен, контейнер толугу менен күйгөн. Өрт саат 13:18 чектөөгө алынып, толугу менен  өчүрүү иштери уланууда. Алдын ала, каза болгондор жана жабыр тарткандар жок», -деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, буга чейин өрт Кустанай жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн чыкканы айтылган эле.