06.03.2018 10:21

ӨКМ: Ош жана Жалал-Абад облусунда 160 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлдү

  Коом (3 материала)

Ош жана Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундарды көчкү жүрүү коркунучу бар аймактан убактылуу  көчүрүү иши жүрүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

ӨКМ министри Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык, Ош жана Жалал-Абад облустарында жергиликтүү бийлик менен биргеликте коркунучтуу  тилкелерден калкты көчүрүү аракети жүрүүдө. Базар –Коргон, Аксы жана Сузак райондорунан 160 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү.  

 «Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда 1190 үй-бүлө көчкү жүрүү коркунучу бар аймакта жашайт. Алардын 797си мамлекеттен өз убагында ссуда жана жер тилкелерин алышкан, бирок, көчпөй жатышат.  Жергиликтүү бийлик дагы 393 үй-бүлө үчүн жер тилкесин трансформациялоо маселесин чечүүнүн үстүндө.  Кооптуу аймактардан 180 үй-бүлөнү көчүрүп кетүү үчүн кээ бир айылдарда жолду бууп, электр жарыгын өчүрүүгө аргасыз болдук.  160 үй-бүлө туугандарыныкында убактылуу баш калкалап турушмакчы.  Ал эми 20 үй-бүлө жашоого шарттын жоктугуна карабай, өз үйлөрүндө кала берди. Бул адам өмүрүн сактап калуу максатындагы мажбурлоо чарасы", -деп билдирди ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы  башкармалыгынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Абдишарип Бекилов. 

Жергиликтүү элди коопсуз аймакка жайгаштыруу үчүн Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын 3 жеринде чатырлар тигилет. Бул максатта ӨКМден  5 орундуу 225  чатыр бөлүндү.