13.08.2018 13:28

ӨКМ Талас жайлоосундагы өрт толук өчкөнүн маалымдады. Эми чыгымдар такталат

ӨКМ Талас жайлоосундагы өрт толук өчкөнүн маалымдады. Эми чыгымдар такталат

2018-жылдын 10-августунда Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагынын Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун Туюк-Төр сайынын күңгөй тарабынан (Казакстан менен чектешкен аймак, “Лагерь” участкасы) кайрадан өрт чыккан.  Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

28-июлдан бүгүнкү күнгө чейин болгон өрттүн кесепетинен болжол менен 1000 га куураган чөп, арча жана бадалдар күйгөн. Өрттү өчүрүүгө  жалпы 64 куткаруучу жана токой чарбасынан 10 адам тартылган. 

12-август күнү тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 20:30да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүү үчүн КР ӨКМнен тартылган жалпы өздүк курам туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан. 13-август күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген материалдык чыгымдарды кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 28-июлунда Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагынын Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектеринен өрт чыккан. 1-августта аймакка «өзгөчө кырдаал тартиби» киргизилген. Бир жумадан кийин, 4-август күнү саат 15:40да өрт толук өчүрүлгөнү маалымдалган.

Бирок 5-август күнү саат 17:00дө өрт кайрадан тутанган. Өрттөнүп жаткан аймак  Казакстан менен чектеш жайгашкандыктан. жалын коңшу мамлекеттин аймагына да өткөн. Тилсиз жоо 7-август күнү саат 21:30да чектөөгө алынып, өрттүн кайра жайылып кетүүсүнө жол бербөө жана байкоо жүргүзүү үчүн КР ӨКМден тартылган жалпы өздүк курам (232 адам) жеринде нөөмөттө калышкан. 8-август күнү өрттү өчүрүү иш-чараларына жалпы 513 адам тартылган. Ал эми Казакстандын аймагындагы өрттү өчүрүүгө  жалпы 177 адам жана 1 тик учак  катышкан.