09.08.2018 08:30

ӨКМ: Өлкөнүн айрым токойлорунда өрттүн болуп кетүү коркунучу жогору

ӨКМ: Өлкөнүн айрым токойлорунда өрттүн болуп кетүү коркунучу жогору

Алдыдагы күндөрдө өлкөнүн Талас, Лейлек, Жети-Өгүз, Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн болуп кетүү коркунучу жогору, ал эми калган аймактардын токойлорунда өрт коркунучу аз. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Өрт чыгуу коркунучу алдыдагы күндөрү күтүлгөн ысык аба ырайына байланыштуу. 

9-13-августта Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

9-август күнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

10-11-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-августта күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12- 13-август күндөрү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 13-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-августта 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-15-августта Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу:

14-15-августта тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

9-11-августта Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

9-11-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-августта 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

9-11-августта Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы
9-11-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чнйин жетиши мүмкүн.

9-11-августта Чолпон-Ата шаарында күтүлгөн аба-ырайы
9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
10-11-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-августта күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.