24.08.2018 13:56

ӨКМ: Өрт чыккан аткананын ДКО өтчү ипподромго тиешеси жок

Бактуу-Долоноту айылында чыккан өрттүн ДКО өтчү ипподромго тиешеси жок. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык кечээ, 23-август күнү саат 08:57 чамасында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы атканада болгон. Андан аткана ичиндеги 700 чарчы метр тезек күйгөн. Жабыркагандар жок. 

Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.