29.05.2018 13:17

Өкмөт башчы борбордогу оңдолуп жаткан көчөлөрдү көрүп кайтты

Өкмөт башчы борбордогу  оңдолуп жаткан көчөлөрдү көрүп кайтты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын көчөлөрүн реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Атап айтканда, Өкмөт башчы Ч. Айтматов проспектисиндеги Семетей жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол тилкесин көрүп чыкты. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун айтымында, бүгүнкү күндө аталган тилкедеги курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталган, аялдамаларга жана жол жээктерине асфальт төшөө, жол белгилерин чийүү жана орнотуу иштери аткарылууда.

«Бишкек шаарынын унаа жолдорун калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган гранттык каражаттын эсебинен жалпысынан борбордун 23 көчөсү калыбына келтирилмекчи.

Албек Ибраимов маалымдагандай, жолду калыбына келтирүүдө эски асфальт бетон жабууну фрезеровкалоо, тегиздөөчү асфальт бетон аралашмасын төгүү жана үстүңкү катмарына шагылдуу-чайыр асфальт бетон аралашмасынан жабуу каралууда. 

Аталган технология Бишкек шаарынын көчөлөрүн реконструкциялоодо алгач ирет пайдаланылууда. 

Премьер-министр белгилегендей, шаардыктар үчүн ыңгайсыздыктар жаралбашы үчүн бардык зарыл курулуш иштери өз мөөнөтүндө жыйынтыкталышы тийиш.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы «China Road and Bridge corporation» жалданма-компаниясынын өкүлдөрү менен пикирлешип, кандай маселелер орун алып жаткандыгын талкуулады.   

Мухаммедкалый Абылгазиев борбоордук көчөлөрдүн сапаттуу реконструкцияланышына өзгөчө көңүл бурулуусу тийиштигине басым жасады.