25-майдан тартып кафе, ресторандар иштей башташат. Алар 50дөн ашык кардар киргизе алышпайт

25-майдан тартып кафе, ресторандар иштей башташат. Алар 50дөн ашык кардар киргизе алышпайт

25-майдан тарта тамактануучу жайлар, анын ичинде жайкы кафе жана ресторандар иштеп баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында мэр Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, андагы орундар 50дөн ашпашы керек. Кардарлар жана столдор арасында 1,5-2 метр аралык сакталышы зарыл. Аталган жайларга баргандар киргенде жана чыгып жатканда бет кап тагынып, дезинфекцияланышы керек.

«Бүгүнкү күнгө чейин өкмөт өзүн-өзү изоляциялоонун катаал шарттарында, коменданттык саат, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүү менен COVID-19 вирусунун жайылышын кармап тура алды. Азыр болсо бизнестин, шаар тургундарынын жана бийликтин өз ара жоопкерчиликтүү этабы башталууда», – деди ал.

Мэр бардык чарбалык субъекттерди жана менчик формасына карабастан бардык жетекчилерди, өзгөчө соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорттук залдардын жана базарлардын жетекчилерине эгерде алардын объекттеринде COVID-19 вирусунун жайылышынын очогу же борбору аныкталса, мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганын эскертти.