24.05.2018 10:19

Өкмөт башчы иш сапар менен Чүй облусуна барат

Өкмөт башчы иш сапар менен Чүй облусуна барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-майда жумушчу сапары менен Чүй облусуна барат. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө билим берүү жана спорттук объектилердин курулушун, ошондой эле «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолунун тилкесин реконструкциялоонун жүрүшүн текшерип чыгат.

Мындан тышкары Премьер-министр суу сактагычтардын абалы, балык жана дыйкан чарба ишмердиги менен таанышат.