24.04.2019 14:42

Өкмөт башчы Кызыл-Омполдо кен издөө иштерин жүргүзүүгө кимдер уруксат бергенин айтты

Өкмөт башчы Кызыл-Омполдо кен издөө иштерин жүргүзүүгө кимдер уруксат бергенин айтты

Кызыл-Омпол уран кенинде ишмердүүлүктү изилдөө боюнча комиссиянын ишине эл аралык, анын ичинде Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттери тартылат. Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, «Юразия Кыргызстан» компаниясы 2010-жылы жаратылыш ресурстары министри Кайрат Жумалиевдин колу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат алган. Андан соң 2011-жылы Замирбек Эсенамановдун колу менен компанияга лицензия берилген. 2012-жылы уруксатка Ишимбай Чунуев кол койгон, 2015-жылы уруксатты узартууга Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон. 2016-жылы лицензия ошондой эле узартылган.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, бүгүнкү күнү чечим кабыл алууга негиз керек, буга байланыштуу атайын комиссия түзүлгөн.

«Комиссиянын курамына жогорку класстагы, анын ичинде МАГАТЭ жана эл аралык уюмдардан адистер, ошондой эле жарандык активисттер жана экологдор тартылат. Комиссиянын иши болушунча ачык жана объективдүү болушу керек. Эгерде уран кенинин ишмердүүлүгүндө экологияны бузуу жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиктери бар экендиги аныкталса, анда албетте, биз тиешелүү чечимди кабыл алабыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.