08.06.2018 16:34

Өкмөт башчы Кочкор районунда бир катар социалдык объектилерди кыдырды

Өкмөт башчы  Кочкор районунда бир катар социалдык объектилерди кыдырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районундагы мектептин курулушуна капсула коюу аземине катышты. Бул туурасында  өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Ара-Көл айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты. Аталган мектеп райондук борбордон 30 км алыстыкта жайгашкан. Ал 2 окуу корпусунан турат жана анда 136 бала билим алат. Учурда мектептин шыбынан жана дубалдарынан жарака кеткен. Мындан тышкары, мектеп имараты сейсмикалык талаптарга жооп бербейт. 

2017-жылдын 27-февралында аталган имаратта окуу процессин улантуу окуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуулук жарата тургандыгы тууралуу чечим чыгарылган.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган окуу жайын куруу үчүн 10 млн сом бөлүүнү тапшырды.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун иши менен таанышты.

Сүттү кайра иштетүүчү ишкана жетекчисинин маалыматына ылайык, продукция жергиликтүү фермерлерден сатылып алынат. Завод 50 адамды жумушчу орун менен камсыз кылат. Жайкысын суткасына 4,5 тоннага чейинки сүт кайра иштетилет. Өндүрүлгөн продукция өлкөнүн ички рыногунда сатылат. 

Учурда заманбап талаптарга жооп берген жаңы сүт заводунун курулушу жүрүүдө. Лизингдик программанын негизинде жабдуу алууга жеңилдетилген кредит алынган. Курулуш аяктаган соң, аталган заводдун сүттү иштетүү боюнча кубаттуулугу суткасына 15 тоннаны түзүп, 100 чейинки жаңы жумушчу орундары пайда болот.

Мындан тышкары, Премьер-министр Кочкор райондук ооруканасына барды. Мухаммедкалый Абылгазиев курулушу каражаттын жоктугуна байланыштуу токтотулган жаңы корпустун имаратын көрүп чыкты. Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга каржылоо маселесин карап чыгууну тапшырды.