23.08.2019 14:11

Өкмөт башчы мугалимдердин маянасы көбөйтүлөөрүн убадалады

Өкмөт башчы мугалимдердин маянасы көбөйтүлөөрүн убадалады

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып, мугалимдердин айлык акысы 30% көтөрүлөт. Бул туурасында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан «Кыргызстандын билим берүүдөгү заманбап багыттары» аттуу август педагогикалык кеңешмесинде билдирди. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүү Өкмөттүн алдындагы артыкчылыктуу милдет экенин маалымдады. 

«Өкмөт бул милдетти аткарат. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт. Жумасына 20 саат менен иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алып келсе, анын айлыгы эми 18 миң сомго чейин көтөрүлөт», - деди ал.