06.08.2019 12:55

Өкмөт башчы: Солтон-Сарыдагы чатак кытайлык ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек

Өкмөт башчы: Солтон-Сарыдагы чатак кытайлык ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти. 

Өкмөт башчы окуянын бардык жагдайларын тыкыр тактап, калк арасында маалымдоо-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

«Жергиликтүү жашоочулардын жана чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек. Тоо-кен тармагында кандай көйгөйлөр бар биз жакшы билебиз жана кырдаалды түп-тамырынан өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мен бул маселеге толук түрдө киришип, жеке көзөмөлүмө алып турам. Тоо-кен чөйрөсүнүн бүгүнкү маселелери жылдар бою топтолгон жана олуттуу кайра карап чыгууну жана чечкиндүү аракеттерди талап кылат. Эгерде инвестор талаптарды жана биздин жарандардын укуктарын буза турган болсо, биз аларга карата чара көрө турганыбызды белгилей кетким келет. Бирок баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тартышат. Бул окуяны пайдаланып кетүүнү каалаган айрым адамдардын аракеттери зор күч-аракеттер менен жетишкен иштерибизге бир заматта коркунуч туудурушу мүмкүн. Кайсы бир нерсеге тыюу салууну же кимдир бирөөнү кууп кетирүүнү талап кылуу менен күнүмдүк тиричилик жагдайын саясий нукка бурбаш керек. Бардык талаштар укуктук негизде чечилүүгө тийиш», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, 2009-жылдан бери мурдагы бийлик тарабынан кабыл алынган кен боюнча чечимдерди кайра карап чыгуу сүйлөшүүлөр жана ачык, конструктивдүү диалог аркылуу гана мүмкүн.

«Өз ишин баштаган ар бир инвестор Өкмөттүн ишинде улануучулукка жана туруктуу кызматташууга багыт алат. Бул маанилүү. Мамлекет ар дайым жергиликтүү калктын, ошондой эле инвесторлордун дагы кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылышы керек. Жакында эле бул үчүн биринчи вице-премьер-министр К.Боронов биздин жарандар жана кытай компаниясынын өкүлдөрү менен жеринде жолугушкан. Анда бардык жүйөлөр угулуп, жарандар тарабынан тоо-кен компанияга карата  83 пункттан турган талаптар коюлуп, алар аткарууга милдеттенген. Аларды аткарууга мониторинг жүргүзүү үчүн тегеректеги айылдардын жашоочуларынан турган жарандык топ түзүлгөн. Бул талаптар сапаттуу жана толук көлөмдө аткарылышына Өкмөт дагы, жергиликтүү тургундар дагы жана инвесторлор дагы кызыкдар, себеби бул натыйжалуу кызматташууга кепилдик берет. Диалогду чиелештирген бул өңдүү келишпестик кырдаалдардын ордуна жергиликтүү бийлик органдары, жарандык топтор ушул милдеттердин сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш. Анткени көптөгөн суроолордун ичинде компания кырылган мал үчүн компенсация төлөп берүүгө, жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушуна жардам көрсөтүүгө, жаратылышты коргоо чараларын күчөтүүгө милдеттенген. Мындай жагдай кырдаалды курчутуп, бул иштерди аткарууга тоскоол болушуна жол бербөө керек. Бардыгы конструктивдүү диалог жолу менен чечилүүгө тийиш», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы инвесторлор менен жергиликтүү калктын өз ара тыгыз аракеттенүүсү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан да, компетенттүү органдар тарабынан да түшүндүрүү иштери иш жүзүндө формалдуу жүргүзүлүп келет.

Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жыйынтыгы боюнча коомдук тартипти камсыздоо жана жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алуу менен жеринде абалды жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.