31.05.2019 16:49

Өкмөт башчы өлкөдөн 700 млн доллар чыгарылып кеткенин териштирүүнү тапшырды

Өкмөт башчы  өлкөдөн 700 млн доллар чыгарылып кеткенин териштирүүнү тапшырды

Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган фактыларды кылдат иликтөөнү тапшырды. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүнү жүргүзүү Каржы полициясына, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жана Улуттук банкка тапшырылды. 

Эскерте кетсек, күн мурун «Азаттык» Кыргызстандан 700 миллион доллар жана алтын куймалары алынып чыгып кеткени тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Кабарчы ал акчаларын издери Матраимовдордун үй-бүлөсүне алып келгенин билдирген.