Өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү
Өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмүнөн билдиришти.
Буйрукка ылайык, республикалык бюджеттен Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 204 млн 444 миң 400 сом өлчөмүндөгү акчалай каражат бөлүнгөн.
Көрсөтүлгөн сумманын 69 млн 34 миң 900 сому Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин имаратын курууга багытталат.
67 млн 309 миң 500 сом Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын реабилитациялык корпусунун курулушуна, ал эми 68 млн 100 миң сом Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукананын жаңы корпусун курууга багытталат.
Аталган буйрук Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосундагы «Секторду реформалоого келишим - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо» программасы боюнча 2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган финансылык келишимдин айрым жоболорун өз учурунда аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун калкы үчүн саламаттык сактоо тейлөөсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: