01.03.2018 12:00

Өкмөт кыргызстандыктар 2018-жылы кайсы күндөрү эс алаарын жарыялады

Өкмөт кыргызстандыктар 2018-жылы кайсы күндөрү эс алаарын жарыялады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Чечим 2018-жылкы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.  Буга байланыштуу кыргызстандыктар 2018-жылдын 8,9,10 жана 11-мартында эс алышат. 

Мындан тышкары, төмөнкүлөр которулат: 
- 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө; 
- 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө; 
- 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-ноябрындагы иш күнүнө которулат. 
- 2018-жылдын 29-декабрындагы жана 2019-жылдын 5-январындагы дем алыш күндөрү 2018-жылдын 31-декабрындагы жана 2019-жылдын 2-январындагы иш күндөрүнө тийиштүү түрдө которулат. 

Натыйжада, кыргызстандыктар кошумча түрдө 30-апрелде, 3-сентябрда, 9-ноябрда, 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейин эс алышат. Иш күндөрү катары 2018-жылдын 3-марты, 28-апрели, 7-майы, 3-ноябры, 29-декабры жана 2019-жылдын 5-январы жарыяланды. 

Өкмөттүн аталган чечими, ошондой эле, жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине пайдаланууга сунушталат.