09.07.2019 11:43

Өкмөт «Коопсуз шаардан» түшчү акчага «Тез жардам» унааларын алууну чечти

Өкмөт «Коопсуз шаардан» түшчү акчага «Тез жардам» унааларын алууну чечти

«Коопсуз шаардан» түшкөн айып пулдун бир бөлүгү «Тез жардам» кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Эми өндүрүлгөн айып пулдун бир бөлүгү Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Документке ылайык, аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына акчаларды бөлүштүргөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50% Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык тез жардам машинелерин алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

«Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алсак, шашылыш жардам машинелерине болгон муктаждыктын саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу шашылыш медициналык жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат», -дешет өкмөттөн.