Өкмөт мамлекеттик карыздын чегин ИДПга карата 70% чейин жогорулатууга ниеттенүүдө
Өкмөт мамлекеттик карыздын чегин ички дүң продуктуга (ИДП) карата 70%га чейин жогорулатууну сунуштоодо. 28-январда парламенттин Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитети Бюджет кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөрдү кабыл алды.
Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин жоболоруна ылайык, бюджеттин таңкыстыгы ички дүң өнүмдүн 3% ашпоосу керек. Мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын деңгээли 70% жогору болбоого тийиш.
Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, 70% учурда оптималдуу көрсөткүч экенин айтты.
Демилгечилердин пикиринде, лимитти жогорулатуу – бюджет мыйзамынын жакшырышына алып келип, аны эл аралык талаптарга жакындатат.
Каржы министрлигинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы маалыматына караганда, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 477 млн долларды же ИДПга карата 58% түзгөн. Мамлекеттик карыздын 85,7% – тышкы карыз, 14,3% – ички карыз.
Өлкө Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына 1,71 млрд доллар бересе.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: