28.05.2019 11:54

Өкмөт: Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Санат» лагериндеги оңдоо иштерине тиешеси жок

Өкмөт: Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Санат» лагериндеги оңдоо иштерине тиешеси жок

Өкмөт аппараты Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Санат» балдардын ден соолугун чыңдоочу борборунда жүргүзүлгөн оңдоо иштерине тиешеси бар деген маалыматты төгүндөдү. Тиешелүү билдирүүнү бүгүн, 28-майда премьер-министрдин басма сөз кызматы таратты.  

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 8-июнунда Өкмөт «Асыл» балдардын ден соолугун чыңдоочу борборун жана Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы ага таандык аймакты Билим берүү жана илим министрлигине оперативдик башкарууга өткөрүп берүүнү буйрук кылган. Эртеси, 9-июнда Финансы министрлигине Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине «Асыл» БДБ курулуш жана капиталдык оңдоо үчүн 300 млн сом суммасында финансы каражаттарын бөлүү тапшырылган. Ушул эле жылдын 30-августунда Өкмөттүн токтому менен Билим берүү жана илим министрлигинин «Санат» ден соолук чыңдоочу борбору» мамлекеттик мекемеси түзүлгөн.

«Капиталдык оңдоону жүргүзүүгө табыштамачы катары Ысык-Көл облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы аныкталган. Сынактык соодалар мыйзамга ылайык жүргүзүлүп, объектти капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо үчүн долбоордук-сметалык документацияларды иштеп чыгууга үч долбоордук уюм менен келишим түзүлгөн:

  • «КБШ Каракол долбоор курулуш» ЖЧК (Тазалоочу курулуш жана канализациялык насостук станцияны долбоорлоо жана беш кабат имараттын курулушун долбоорлоо, 09.11.2017 ж. келишим););
  • «Белек жана Ко» ЖЧК (400 орундуу ашкананы реконструкциялоону долбоорлоо, 27.11.2017 ж. келишим);
  • «Энкон» ЖЧК (бактерициддик жабдуу суу мунарасынын №1 жана 2 скважинасын, тышкы суу түтүктөр түйүнүн, канализацияны, электр менен камсыздоону реабилитациялоону долбоорлоо, 13.12.2017 ж. келишим).

Тендерге катышууга 3 компания:«Аю Курулуш» ЖЧК, «Эм Си Билдинг» ЖЧК жана «Оргтехстрой» ААК каалоосун билдирип, билдирме калтырышкан. Жеңүүчү катары «Оргтехстрой» ААК аныкталган. Буга байланыштуу «Санат» балдардын ден соолугун чыңдоочу борборунда «Оргтехстрой» ААК тарабынан жүргүзүлгөн оңдоо иштерине Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси бардыгы жөнүндө маалымат жалган», - дешет аппараттатан. 

Жалпысынан «Санат» БДБда оңдоо иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен 139 млн 960 миң сом бөлүнгөн.